Ошто «Коопсуз шаар» качан иштей баштайт? Башкармалыктын жообу


Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору ушул жылдын сентябрь айында башталып, автоунаа көп жүргөн жана жол эрежеси көп бузулган көчө-кесилиштерге видеокөзөмөл камералар орнотула баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов билдирди.

Жунусовдун маалыматы боюнча өткөн жылы декабрда долбоор боюнча Бишкектен атайын комиссиялык топ келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кеткен. Планга калаадагы 35 жол кесилиши кирди. Алар: Ленин-А. Навои, Курманжан-Датка-Мамажан,Курманжан-Датка-8-март, Курманжан-Датка-Г.Айтиев, Курманжан-Датка-Р.Абдыкадыров, Курманжан-Датка-М.Ломоносов, Курманжан-Датка-Асранкулов, Курманжан-Датка-Джиннах, Ленин-Джиннах, Б.Осмонов-№27 (Ак-Тилек кичи району), Б.Осмонов-Р.Абдыкадыров, Г.Айтиев- Өскөналиев, Г. Айтиев-Ш.Руставели, Р.Абдыкадыров-Өскөналиев, Т.Касымбеков-У.Салиева, Т.Касымбеков-И.Разаков, И.Разаков-Госрегистр, И.Разаков-УСМ, Ленин-С.Бахапова, А.Масалиев-Ж.Райимбеков, А.Масалиев, А.Навои, Ленин-А.Жунусов, А.Масалиев-Р.Абдыкадыров, А.Масалиев-Ленинград, А.Шакиров-Жумабаев, А.Мамыров- №1 көчөлөрүнүн кесилиши (Ак-Тилек к.р), Н.Исанов-ОшКУУ-С.Бахапова жана А.Мамыров-Санкт-Петербург көчөлөрү.

«Азыр долбоор жасалып бүттү. Сентябрга чейин  эски жол чырактан төртөө алмашат — санариптик жол чырактарга. Ар бир кесилишке жол белгилери коюлат. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. Долбоор 1, 2 жана 3 этап менен ишке ашат», -дейт Жунусов.

_________________________________________________________________________________________________

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Келишим түзүлгөндөн кийин жалдоочу компания бир жыл ичинде бардык уруксатты алууга жана өлкөнү техникалык жабдуу, программалык комплекс менен камсыздоо системасын республиканын бардык аймактарына орнотууну камсыз кылышы керек.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте былтыр 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” компаниясы ишке ашырып жатат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо