Шаардык кеңештерге шайлоо үгүтү качан башталары белгилүү болду


13-марттан тарта саясий партиялардын шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлери үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Үгүт иштери туура бир айга, 11-апрелге чейин созулат. Бул аралыкта шайлоого катышууга уруксат берилген саясий партиялар өз программасы менен шайлоочуларды кеңири тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындай маалыматты Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Расул Кадыров Т-Медиага билдирди.

«Мыйзам боюнча үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарына келип, саясий партиялардын жетекчилери, ыйгарым өкүлдөрү менен атайын жолугушуу өткөрүп, анда шайлоонун жүрүшүндөгү үгүт иштерине чоң басым жасап берди. Эгерде мыйзамды бузган болсо, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан эскертүү берилип, акчалай айып төлөйт. Экинчи жолу дагы ошол нерсе кайталанса, саясий партиянын талапкерлиги каттоодон чыгарылат», -деди Кадыров.

Кечээ 2-мартта, саат 00:00дө Ош шаардык кеңешине талапкерлердин документин кабыл алуу  аяктады. Азырынча шайлоого катышууга 9 партия толук документин тапшырды. Алар: «Бир Бол», «Эмгек», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», КЛДП, «Улуу Журт» жана «Бирик», саясий партиялары.

Ушул жылдын февраль айында Ош шаарына каттоого тургандардын саны 37 миңден ашканы белгилүү болду. Кийинчерээк мамкаттоо бир үйгө 1300 киши катталганын айтып чыккан. Айрым жергиликтүү басылмалар студенттердин паспортторун чогултуп, акча берүү фактылары катталганын жазышууда.

Эске салалы: өлкө боюнча 5 шаарда жана бир канча айылдарда жергиликтүү кеңештерге 12-апрелде шайлоо өтөт.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо