Тойго, соода борборлоруна жүзгө жетпеген адам барып жатабы? Депутат өкмөттүн ишин сындады


«Биз маданий-массалык жана спорттук иш-чаралардын баарынан баш тарттык. 100дөн ашык адам топтолбосун деп  токтом чыкты. Мунун баары жөн эле көргөзмөбү? Бүгүнкү күндө болуп жаткан тойлорго же соода борборлоруна эмне 100дөн аз адам барып жатабы?» 

Жогорку Кеңештин 12-марттагы жалпы жыйынында депутат  Исхак Пирматов ушундай пикирин айтып, «өкмөттүн коронавируска каршы  иш-аракети көз боёмочулукпу?»  деп нааразы болду. Ошондой эле ал башка өлкөлөрдөн кайтып келген кыргызстандыктарды чек арада жана аэропортто кантип текшерип жатышканын сындады.

«Өкмөт социалдык түйүндөрдөн маалымат алып, жыйынтык чыгарып атабы же жокпу? Мен ошону билгим келет. Башка мамлекеттен учуп келгендер кандай процедура болуп атканын соцтармактарга жазып жатышат. Инкубациялык мезгил 14 күн деп жатышты эле азыр эми бир ай дешти. Биздин жарандар Кореядан, Кытайдан келип жатышат. Биздин жападан жалгыз ыкмабыз — бортко Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери чыгат дагы, тепловизорду жарандардын чекесине такап, температурасын өлчөйт. Инкубациялык мезгил 27 күн болгону менен, бирок ал кечээ вирусту жуктуруп алса, тепловизор менен текшерип коюу жөн эле көз боемочулук болуп атпайбы. Эмне себептен өкмөт башчы же тийиштүү вице-премьерлер бул боюнча ыкчам билдирүү жасабайт? Сөзсүз дүрбөлөң болгондо гана  тыянака келебизби?», — дейт Пирматов. 

Ал өкмөттүн коронавируска каршы чараларын эффективдүү эмес деп баалап, коплексттүү аракеттерди көрүүнү сунуштады.

12-мартта Жогорку Кеңеште айрым депутаттар той-аштарды токтотуп, окуучуларды жана студенттерди каникулга таратып, окууну жайкыга которууну сунуш кылышты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады. Пандемия — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

Ушул тушта коронавирус дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды. Илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 120 миңден ашты. Коронавирус төрт миңдей адамдын өмүрүн жалмады. Кытайда болсо бул ооруга кабылгандар кескин азайды — соңку бир күндүн ичинде илдет 19 гана адамдан аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус 80 миңден ашык адамга жугуп, алардын көбү айыгып чыкты.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо