Депутат: насыясы барларга каникул берилиши керек


«Кыргызстанда 800 миң адам банктан кредит алган. Алардын бизнеси токтоду. Буга байланыштуу насыя алгандарга каникул алып беришибиз керек» дейт  депутат Алтынбек Сулайманов.

Эл өкүлү бүгүн парламентте сүйлөп жатып, ишкерлер үчүн кредитти төлөө мөөнөтүн 3-5 айга же 1 жылга чейин жылдырып берүү керектигин өкмөткө сунуштады.

«Улуттук банк ушул чечимди 3 ай же 5 ай, болбосо бир жылгабы кабыл алышыңыздар керек. Ошол эле мезгилде тышкы карызга да каникул сураңыздар. Быйыл Кыргызстан 28 млрд төлөшүбүз керек эле. Биринчи элдин насыясына каникул берген болсок, анда сырткы карыздардан да суранганга моралдык укугубуз болот да», -деди ал. 

Депутат нефтинин баасы түшүп жатса, күйүүчү майга баа бизде жогору болуп жатканына нааразы болду.

«Өкмөт, азыр эле нефтинин баасы үч эсе түшкөнүн айттыңар. Ошол эле учурда айтып жатасыз (ред-Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып жатат) бензиндин баасы ошол эле бойдон кармалат деп.  Менин оюмча бул такыр туура эмес. Логикага туура келбей турган көрүнүш». 

Ушул тапта парламентте өкмөт өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берип жатат.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо