Өкмөт мамлекеттик мекемелердин жана банктардын иш жадыбалын бекитти


Мамлекеттик органдар, мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, аткаруу органдары үчүн 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүгө, экономиканын башка чөйрөлөрүнүн туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

Өкмөт учурдагы кырдаал мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кыларын, ошондуктан эс алуу жана майрам күндөрү да иштөөгө туура келе турганын белгилейт.

Муну менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 22, 28, 29-мартты, 4, 5, 7, 11, 12-апрелди иш күндөрү деп жарыялоо сунушу берилди.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо