Дарыгерлер беткап жана коргоочу костюмдар жетишпей жатканына даттанышууда - Т-медиа

Дарыгерлер беткап жана коргоочу костюмдар жетишпей жатканына даттанышууда

Өлкө жарандары дарыгерлер үчүн медициналык беткап, респиратор жана вирустан коргоочу костюмдар үчүн акча чогултушууда. Медицина кызматкерлери инфекциядан коргоочу каражаттар жетишпей, өздөрү сатып алып жатканына нааразы болуп, бирок камерага айтып берүүдөн жазганышууда.

Саламаттык сактоо маселелери боюнча медиа-эксперт Елена Баялинова: «Биринчи күндөн тартып эле дарыгерлерге жана орто медициналык кызматкерлерге жардам берүү керектиги, коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги, алар карантин жана обсервация зоналарында өздөрүн коопсуз сезбей жатканы айтылып келет», – деди.

Бул арада дары-дармектер боюнча адис Бермет Барыктабасовага өлкөнүн ар кыл аймагынан кат жазышууда. Беткап, мээлей, халаттарды сурашууда. «Дайыма туруктуу камсыздоо болушу керек. Бирок, ушул тапта медиктер корголбогонун көрүп жатабыз», – деди ал.

Бермет Барыктабасов дарыгерлер буга чейин эле халаттарды жана коргонуу каражаттарын өз акчаларына сатып алып келишкенин билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова дарыгерлер мүмкүнчүлүккө жараша беткап менен камсыздалып жатканын айтты:

– Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан беткаптар даярдалууда. Бирок аларды эки саат сайын алмаштырып туруш керек. Бардык запас түгөнүүдө. Негизги сокку түштүктө болду. Биз каражаттарыбыздын бир бөлүгүн ошол жакка жөнөттүк. Бирок дефицит сезилип жатат.

Өлкөдө коронавирус жуктурган 16 учур катталды. Илдетке каршы туруу үчүн республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн. сом бөлүнгөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо