Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 кишиге жетти - Т-медиа

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 кишиге жетти

25-март, саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган эки жаӊы учур катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.

Бири – 60 жаштагы Бишкектин тургуну. Бейтап Испаниядан учуп келген аялды аэропорттон тосуп алган.  Экинчиси болсо 35 жаштагы Чүй облусун Москва районунун тургуну. Ал Дубайдан келген. Экөө тең эркек киши.

Ошентип өлкөдө илдетти жугузуп алгандардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жана 14 жаштагы өспүрүм бар.

⚡ Ош облусунда – 20 учур,
⚡ Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
⚡ Бишкек ш. – 3 учур,
⚡ Чүй облусунда – 1 учур,
⚡ Баткен облусунда – 1 учур.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо