26-мартка карата өлкөдө коронавирусту жуктурган жаңы учур катталган жок - Т-медиа

26-мартка карата өлкөдө коронавирусту жуктурган жаңы учур катталган жок

Бүгүн 26-март саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жана 14 жаштагы өспүрүм бар.

«Коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн карантинди жана өзүн-өзү изолляцияга алууну милдеттүү түрдө аткырыш керек. Тилекке каршы, үй карантинге алынган жарандар көчөдө эркин басып жүрүшөт жана изоляциянын эрежелерин сактабай жатышат. Мындай кылганга болбойт. Карантиндин талаптарын аткарбагандарга кылмыш жоопкерчилиги тартыларын унушпашыбыз керек», — деди Акматова.

Өлкөдө коронавирус жуккан 6 адамдын абалы оор болгондуктан реанимацияда жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо