Коронавирус: Кытай Кыргызстанга атайын медициналык каражаттарды жөнөттү - Т-медиа

Коронавирус: Кытай Кыргызстанга атайын медициналык каражаттарды жөнөттү

Кытай мамлекети коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды. 

10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткаптар, жана миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

Коңшу мамлекеттин жардамын кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды. Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды.

Кыргызстанда коронавирус деп так диагноз коюлган 44 адам бар.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо