Коронавирус менен күрөшүүгө ачылган эсеп: ким канча сом которду? - Т-медиа

Коронавирус менен күрөшүүгө ачылган эсеп: ким канча сом которду?

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы атайын эсепке  25-мартка карата 35 миллион 293 миң 891 сом түштү. Бул туурасында Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Тизмеден жөнөкөй жарандардан тарта менчик компаниялар, фонддор жана мамлекеттик мекемелер да которгонун көрүүгө болот.

 

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адамды түзөт.

Мындан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилди.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо