Нурдинов: ар бир үй-бүлө, айыл өзүнө чектөө киргизиши керек - Т-медиа

Нурдинов: ар бир үй-бүлө, айыл өзүнө чектөө киргизиши керек

Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов коронавирусту токтотуу үчүн жарандарды ар бир үйдү жана айылды чектөөгө алууга чакырды. 

Нурдинов коменданттык саат учурунда ар бир үй-бүлөгө тамак-аш жана дары-дермек керек болсо атайын уюштурулган кызматтар жеткирип бере турганын айтты. Ошондуктан тургундарды үйдөн чыкпоого чакырат.

«Байланыш номерлерге чалып, жер жерлерде ушундай кемчилик болуп жатат алып келип бериңиздер десе көйгөй жок. Биз телефон номерлерди бердик бизге да кайрылса өзүбүз да жеткирип беришибиз мүмкүн. Маселе болушу мүмкүн эмес. Жарандар бизге кайрылсын. Биз муну уюштурганбыз. Чектөө киргенден кийин ушундай системага түшүшүбүз керек«,-деди Малик Нурдинов.

Ош шаарында 11 ал эми облустун аймагында 62 блок-пост орнотулуп, райондор аралык карым-катнашка чектөө коюлду. Блок-посттордо ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, СЭС жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн 25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандын алты аймагына өзгөчө абал киргизилген.

26-мартка карата коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 44 адамга жетти.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо