Ош: коменданттык саатта эреже бузган 100гө жакын адам кармалды - Т-медиа

Ош: коменданттык саатта эреже бузган 100гө жакын адам кармалды

Ош облусунда коменданттык саат эрежелерин бузган 91 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алардын айрымдарына айып пул салынды. 

Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов билдиргендей, Ош шаарында 25, Ноокатта 11 жана Кара-Сууда 55 адам кармалган. Аларга эрежени бузгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

«Коменданттык саат кирген учурдан баштап эрежени бузгандар ички иштер кызматкерлери, медицина жана СЭС менен бирге райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана комендантураларга алып келинди., Айрымдарына эскертүү берилип, кээ бирлерине айып пул салынды. Эрте менен коменданттык саат аяктаганда үйлөрүнө жеткизилди. Негизинен кырдаал туруктуу. Комендантура толук көзөмөлгө алууда«,- деди Малик Нурдинов.

Саат 20:00дан бааштап эртен мененки 07:00гө чейинки комендаттык саат ичинде кармалгандар милиция же аскердик патрулдар тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганга чейин, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалып турат.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн 25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандагы алты аймакта өзгөчө абал киргизилген. Алар Ош, Бишкек, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондору.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо