Штаб: соода борборлордо саат сайын санитардык тазалоо иштери жүрүп турушу керек - Т-медиа

Штаб: соода борборлордо саат сайын санитардык тазалоо иштери жүрүп турушу керек

Мындан сырткары дүкөнчүлөр колкап, беткап кийип соода кылуусу зарыл. Ошондой эле маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова таңкы брифингде билдирди.

«Товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу, тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезектеги кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет», — деди Акматова.

25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда өзгөчө абал киргизилди. Бүт өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Аталган алты аймактагы тургундар таңкы саат 7ден кечки 8ге чейин үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:

Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;

Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;

Дарыгерге, дарылоо процедураларына барууга.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо