Боронов: Оштогу дарыгер коронавирусту умрадан кайткан кошунасынын чайына барып жугузган


Ош шаарындагы балдардын инфекциялык ооруканасынын дарыгери коронавирусту умрадан келген коңшусунан жугузуп алган. Бул тууралуу брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, «ооруканадагы кызматкерлердин баары илдетти жуктуруп алган» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Биринчи ооруну жуктуруп алган кызматкер байкабай жүрө берип, чогуу иштегендерине да жуктурган. Ал жерде 11 кызматкер бар. Айрымдарын алдын-ала текшерүүгө жаткырып атышат. Оорукананын ошол бөлүмүн дезинфекция кылуу үчүн эки күнгө жаап жабышты. Мөөнөт бүткөн соң мурдагыдай иштей баштайт. Тилекке каршы, илдетке медицина кызматкерлеринин да чалдыкканы акыркы учурларда көбөйүп жатат. Айрымдары иштеп жаткан учурда талаптарды аткарбай койгонуна байланыштуу же жеткиликтүү шарттардын жетишсиздигинен болуп жатса керек деп ойлойм. Бирок кээ бирлери коронавирусту кызмат абалында эмес сырттан жугузуп алган убактары да такталууда». 

8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 32 кишиге жетти. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны 270 адам, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо