Ошто массалык каттоого турган 40 миң кишинин 10 миңдейи паспортун, чиптеги маалыматын алмаштырганга үлгүргөн - Т-медиа

Ошто массалык каттоого турган 40 миң кишинин 10 миңдейи паспортун, чиптеги маалыматын алмаштырганга үлгүргөн

Ош шаарына бир жарым айдын ичинде (январь-февраль) мыйзамсыз каттоого турган 40 миң жарандын 10 миңге жакыны паспортун алмаштырып же болбосо андагы катталган жери тууралуу маалыматын өзгөрткөнгө үлгүргөн. Бул жапырт катталгандардын төрттөн бир бөлүгүн түзөт дегенди түшүндүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянып, мындан тышкары Токмок менен Каракол шаарларында эки ай ичинде шашылыш каттоодон өткөндөрдүн 50%ы өзүнүн каттоосун мыйзамдаштырып алганын билдирди. Анын айтымында, алар паспортун, чиптеги маалыматын өзгөрткөнгө жетишкен.

«Азыр жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоосун кайра жандандырабыз деген талкуу коомдо да, Боршайкомдо дагы жүрүп жатат. Бирок аны жандандыруу үчүн биз биринчи кезекте ошол массалык катталган адамдардын тагдырын чечишибиз керек да. Башкы прокуратурадан Боршайкомго жооп келди. Алардын жообу ошол массалык каттоо башталгандан берки иш-аракеттер тууралуу эле кайрадан кайталанган маалыматтар», -дейт Абдрахматова. 

Ал Башкы прокуратура териштирүү иштерине чабал мамиле жасап жатканы кооптондурарын айтат. Массалык каттоо боюнча башкы көзөмөл органы, укуктук жана коопсуздук кызматтары так бир тыянак чыгармайынча, Боршайком өз алдынча ал жарандарды шайлоодон четтете албайт. Атыр Абдрахматова белгилегендей, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоосу бул маселе чечилмейинче улантылбайт.

«Жапырт катталгандарды мыйзам талаасында шайлоодон четтетип, тиешелүү адамдарды жоопко тарткандан кийин гана шайлоо ачык, таза өтөт деп биз кепилдик берип улантсак болот. Мени кооптондурган нерсе бул — укук коргоо органдарынын шайлоочуларды 3 шаарда массалык каттоо суроосу боюнча акыркы чекитти кое албай жатканы. «Кайсы Мамлекеттик каттоо кызматкерлери, кайсы жарандар, кайсы саясий партиялар, алардын кайсы өкүлдөрү шайлоочулардын санын атайын көбөйтүп, шайлоо жыйынтыктарына таасир берейин деп» аракет көргөнү боюнча расмий жыйынтык чыгарып, кайсы бир адамды ошол ишке шектүү деп жарыяламайынча бул ишти териштирүү жыйынтыкталып бүттү деп айта албайбыз. Февралдан бери 3 ай өттү. Үч ай ичинде укук коргоо органдары, Башкы прокуратура маселени аягына жеткизбегендигин, эч кандай иш-аракет кылбагандыгын көрсөтүп турат», -деди Атыр Абдрахматова. 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, башка аймактардан келип Ош шаарына катталган 40 миңге жакын адамдын 4 миң 600ү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Учурда териштирүү иштери бирдиктүү базага катталып, тийиштүү аракеттер уланууда.

Эске салалы: COVID-19 илдетине байланыштуу 23-мартта президенттин жарлыгынын негизинде жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү токтотулган. Ошол эле күнү Боршайком талапкерлерге, саясий партияларга карата: 24-марттан тартып үгүт иштерин токтотууну, илинген үгүт материалдарды (баннер, плакат, ж.б.) алып салуу чечимин чыгарган.

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тарта үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан.

Коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо