Чет өлкөдө жүргөн 154 кыргызстандык коронавирус жуктуруп, бирөө каза болду - Т-медиа

Чет өлкөдө жүргөн 154 кыргызстандык коронавирус жуктуруп, бирөө каза болду

Чет өлкөдө жүргөн 154 кыргызстандык жаран коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. 

Алар, Орусияда – 105, БАЭ – 7 (бешөөсү айыккан), Пакистан – 22 (баары айыккан), Индия – 7 (1 каза тапкан, 6 айыккан), Испания – 1 (айыккан), Малайзия – 3 (баары айыккан)
АКШ – 1 (айыккан), Өзбекстан – 1, Греция — 1 (айыккан), Казахстан – 5 (4 — Бишкекте, 1 – Алматыда дарыланууда), Италия – 1 жаран илдетти жуктуруп алган.

Ал эми Кыргызстанда илдетке кабылгандардын саны 1350 адамга жетти. Алардын 949у айыгып чыкты, 14 адам көз жумган.

Тышкы иштер министрлигине дүйнөнүн 58 өлкөсүндө жүргөн 8 миң 712 кыргызстандык мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиакаттам жана жер транспорттору аркылуу 10 миңге жакын кыргызстандык кайтып келген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо