Оштун бир канча аймактарында эс алуу күндөрү электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Тизме - Т-медиа

Оштун бир канча аймактарында эс алуу күндөрү электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Тизме

Ош облусунун жана шаарынын бир канча аймактарында 23-25-26 май күндөрү электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Ошэлектр» мекемеси эскертет. 

Бул күндөрү кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн ремонт иштери жүргүзүлөт. Чектөө үч күн саат 8-00 дөн 17:00гө чейин уланат.

23-майда Кара-Суу районунун Катта-Талдык, Баш-Булак айылы, Нариман, Каратай айылы, Талдык, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Бекжар айылы жана Топтерек, Лянгар, Лаглан, Кызыл-Ой, Тээке, Ачи, Мады, Беш-Мойнок, Паселок, Чагыр, Дормастер айылдарында жана Өзгөн районунун Кароол айылында. Ал эми Ноокат районунун Кызыл-Тейит, Беш-коргон, Тажы-Кыштак, Шакар-Кыштак, Дөң-Төбө, Дөң-Кыштак, Миң-Тамыр айылдарында өчүрүлөт.

25-майда Ош шаарынын Достук кичи районундагы Сүйүнбаев, Атабаев, Примов, Шүкүрбеков, Абжалов, Рудничная көчөлөрүндө жана Кеңеш, Тээке, Кара-Суу районунун Кыргызчек, Асанчек, Каарман, Фуркат, Савай, Кызыл-Шарк, Курбан-Кара айылдарында үзгүлтүккө учурайт.

26-майда Ош шаарынын Абдувалиев, Мирзаев, Мамыров, Садырбаев, Атабаев, Макаренко көчөлөрүндө өчөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо