Оштун прокурору эскерүү иш чарасында калпак кийгени үчүн сөгүш алды. Сүрөт - Т-медиа

Оштун прокурору эскерүү иш чарасында калпак кийгени үчүн сөгүш алды. Сүрөт

20-майда Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Ага 9-майдагы гүл коюу аземине формалык кийим менен башына калпак кийип алганы себеп болгон. 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан «Т-Медиага» билдиргендей, Абдраимов прокуратура органдарынын класстык чиндери бар кызматкерлеринин формалык кийимди кийүү милдеттүүлүгү жөнөндө буйругунун талаптарын бузган.

Ошондой эле прокуратура кызматкерлеринин жана коомчулуктун алдында мыйзамдын талаптарын өзү так сактабагандыгы жана аброюна, беделине шек келтиргени үчүн катуу сөгүш жарыяланган.

«9-майда жеңиштин 75 жылдыгына карата Ош шаарында “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде өткөн гүл коюу аземине шаардын прокурору Кубат Абдраимов да катышкан. Ал иш чарада формалык кийим менен башына калпак кийип алып укук коргоо органдарынын жетекчилери менен бирге алдыңкы катарда туруп гүл коюу аземине катышкандыгы аныкталган. Бул туура келбейт»,-деп билдиришти Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Абдраимов Turmush басылмасына комментарий берип, ошол күнү суук болгондуктан жылуураак кийингенин айткан.

Буга чейин Оштун тургуну 21 жаштагы Мээрим атуу кыз Ош шаардык прокуратура кызматкери К. А тарабынан коркутууга кабылганын айтып чыккан. Ал жогорудагы сөгүш алган Кубат Абдраимов болушу ыктымал.

Сүрөттөр: Ош шаардык мэриясы

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо