Пакистанда учак кулап 37 адам мерт кетти. Видео - Т-медиа

Пакистанда учак кулап 37 адам мерт кетти. Видео

Пакистандын эл аралык аба каттамына таандык «А320» үлгүсүндөгү учак Карачи шаарына жакын эл жашаган аймакка кулап түштү. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыкты. 

Белгилүү болгондой, кулап түшкөн учакта 91 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү болгон. Лахор — Карачи каттамындагы учак «Джинна» эл аралык аэропортуна конор алдына кулаган. Алдын ала маалымат боюнча 37 адам каза болгон. Бирок алардын саны 90го жакын болушу айтылууда.

Пакистандын эл аралык аба каттамынын жетекчиси Аршад Малик учактын кыймылдаткычтары иштебей калганын билдирген. Аба  каттамынын өкүлүнүн айтымында, самолет жергиликтүү убакыт боюнча саат 14: 30дан кийин аба кыймылын көзөмөлдөө мунарасы менен байланышты жоготкон.

Социалдык тармактагы таркап жаткан сүрөттөрдө көптөгөн турак жайлардын талкалангандыгын көрүүгө болот.

Өлкөнүн премьер-министри Имран Хан окуя боюнча нес болуп, кырсыкты дароо иликтөөнү тапшырган. Пакистанда коронавирус боюнча кырдаалдан улам киргизилген чаралар жумшарып, ички каттамдарга бир аз мурда уруксат берилген болчу.

Пакистандагы учак кырсыктары

Пакистанда 2010-жылы жеке авиакомпанияга таандык учак баш калаа Исламабадга жакын аймакта кулап түшүп 152 адам каза тапкан. Бул өлкөнүн тарыхындагы эң ири учак кырсыгы болуп калган.

2012-жылы Bhoja Air компаниясына таандык Боинг 737-200 учагы Равалпиндиге аба ырайы начар болгондуктан конор алдында кулап түшкөн. Анын кесепетинен 121 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү курман болгон.

2016-жылы Пакистан эл аралык авиакомпаниясынын учагы өлкөнүн түндүгүнөн Исламабадга учуп баратканда жалын чыгып кырсыкка кабылып, кесепетинен 47 адам көз жумган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо