Токтогул: депутаттын иниси коронавирус боюнча жоопко тартылышы мүмкүн - Т-медиа

Токтогул: депутаттын иниси коронавирус боюнча жоопко тартылышы мүмкүн

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 18-майда 26 адам үй карантинге алынган. Алар Орусиядан келип, коронавирус аныкталган жаран менен байланышта болушкан. Ал эми илдетке кабылган бейтап облустук ооруканага жаткырылган.

Учурда үй карантинине алынган жарандардын алгачкы анализдери таза чыккан. Дагы 10 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, экинчи анализдери алынат. 

«Ал жаран Орусиядан келип, райондогу 26 адам менен байланышта болгон. Биз алардын баарын үй карантинге алдык. Эгер, алардан вирус аныкталып кала турган болсо, жуктурган жаранга карата медициналык алгоритмдер менен жоопкерчилик каралат. Учурда райондо абал туруктуу. Илдет аныкталган жаран чек арадан өтүп жатканда чек арачылар бизге да малымат берип коюшкан эмес. Алдын-ала билгенде посттон кийин эле обсервацияга алмакпыз», —дейт Токтогул районунун акими Таалайбек Жайылов.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, милиция дарыгерлердин кайрылуусунан соң гана жоопкерчилик маселесин карайт.

«Медкызматкерлер бизге жарандарга кайсы адамдан илдет жукканы боюнча далилдер менен кайрылышы керек. Эгер байланышта болгондордо вирус аныкталып кала турган болсо. Андан кийин мыйзам чегинде жоруктар кодексине ылайык, санитардык нормаларды сактабагыны боюнча жоопкерчиликке тартабыз», — деди Нурдин Жээнтаев.

Буга чейин облустук милицияга Чаткалдагы окуя боюнча дарыгерлерден арыз түшкөн. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эмне болду эле?

16-майда социалдык тармактарда Орусиядан жүк ташуучу унаа менен келген жаран санитардык талаптарга баш ийбей, кичи мекенине кетип калгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Көп өтпөй ал Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууган иниси Айбек Тотонов экени белгилүү болгон. Ал Таластагы “Чоң капка” карантиндик постунан өтүп Токтогулга келген. 18-майда андан коронавирус аныкталган. Ага чейин ал аймактагы 26 адам менен байланышта болгон. Учурда Айбек Тотонов Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат. 

Ал эми ЖК депутаты Нурбек Тотонов 19-майда «Kaktus.media» ​сайтына берген интервьюсунда инисинин дарегине айтылган сындарды четке каккан.

Анын айтымында, бир тууганы Кыргызстандын аймагына өткөндөн кийин ПЧР-тест тапшырып, таза чыккандан кийин гана Талас аркылуу үйүнө кеткен. Үй карантин эржелерин сактаган. Экинчи ирет тапшырган тести гана вирустун бар экенин көрсөткөнүн кошумчалаган. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Азаттыкка» Айбек Тотонов чек арадан анализ тапшыргандан кийин ​жүргүнчү катары өткөнүн билдирген.

«»Чоң Капкага» жүк ташуучу машина менен келген. Чек арадан өткөндө Таласта анализи алынган. Токтогулга баргыча анализинин жыйынтыгы чыгып калган. Андан кийин үйүнөн ооруканага алып кетип жаткырышкан»

Кыргызстанда 22-майга карата дагы 37 адамдан COVID-19 аныкталды. Ошентип, өлкөдө жалпы илдетке кабылгандардын саны 1350 адамга жетти. Алардын 949у айыгып чыкса, 14 адам көз жумду.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо