Барактагы эгин талааларга суу жетпей куурап калуу коркунучунда турат. Видео

Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эсклавында 160 гектар жерге сугат суу жетпей жатат. Бул тууралуу айыл тургундары биздин редакцияга кайрылышты. Барактыктардын айтымыдарында, жыл сайын сугат суу сезонунда өзбек бийлиги дыйканчылык жерлерге барчу суу каналын тосуп салышат. Учурда айылдыктар буудай жана жүгөрү талаалары суу жетпей куурап калуу коркунучунда турганын айтышууда. Алар өкмөттүн Ош обулусундагы өкүлчүлүгүнө да кайрылышты. Азырынча өкмөт тараптын иш аракеттер байкала элек.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак деп аталган айыл Өзбекстан аймагындагы эсклав болуп калганына көп болгон. Айыл башчы баш болгон  тургундар  өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө сугат суу көйгөйүн айтып келишти. Маалыматка караганда, өзбек тарап Барактын 160 гектар эгин талаасына сугат сууну өткөрбөй жатат.

«Айылда 170 гектар жер бар болсо, анын 75 гектары үлүш, 95 гектары кайра бөлүштүрүү фондунун жери. 2019-жылы Ак-Таш чек ара посту аркылуу жол ачылгандан кийин эл кирип дыйканчылык кыла баштады. Себеби бала-чаканы бир гана дыйканчылык менен багат. Быйылкы жылы 160 гектарына эгин эгилди. Эми эл көбүнчө эле буудай менен жүгөрү эгет. Ушул күнгө чейин буудай бир жолу да суу ичпейт турат. Күн сайын сугат суунун тартыштыгы көйгөй болуп атат да. Суу бизге коңшу Өзбекстан аркылуу келет. Күндүзү акса кечкисин жок, биздин суу чарба жетекчилигине күн сайын кайрыла берип маселе чечилбей жатат. 19-май күнү Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовго кат аркылуу кайрылганбыз. Ал киши Суу чарба башкармалыгынын жетекчисин жөнөтүптүр. Коңшу өлкөдөгү кесиптештерине телефон аркылуу кайрылып, «маселе чечилди, бүгүнтөн тарта суу үзгүлтүксүз суу агат» деген сөзүнө эл ишенип, тарап кетти. Эки күн суу жакшы агып, кайра эле мурунку абалына түштү да. Бул көйгөй жыл сайын болуп турат», — дейт Барак айылынын башчысы Бурканбек Аширов.

Бул видеолор Барак айылынын дыйканчылык талааларында тартылган. Көрүнүп тургандай жүгөрү талаасы суу жетпей куурап баратат. Тасманы Барактын тургундары телефонго тартып бизге жиберишти. Сугат каналдары да суу келбей кургап турат.

Барактын талааларына суу Кыргызстандын Ак-Буура дарыясынан агып барат. Болгону ортодо Өзбекстандын 3,5 км аймагынан өткөнү үчүн кошуна өлкөнүн дыйкандары сууну өздөрүнө буруп отуруп, Баракка жетпей түгөнөт. Бул көйгөйду чечүү үчүн кыргыз тарап Кара-Суунун Савай айылынан туруктуу агып турчу канал тартып берген. Азыр ошол каналды Өзбекстан белгисиз себептерден улам бууп турушат.

Барактыктардын айтымында, сугат суу жеткирүүдө өзбек тарап атайын тоскоолдук жаратууда. Айыл тургундары буга чейин Кара-Суунун акими Тилек Матраимовго кайрылып да көрүшкөн. Бирок маселе толугу менен чечилбегендиктен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө да кайрылууну чечишкен.

«Чындыгында көйгөй бар. Анткени аларга барчу суу Өзбекстандын аймагынан өтчү каналдан алынат. Ошол каналдан 3 район суу ичет. Аларга да сууну бир күндөн ага турган кылып бөлүштүрүп коюптур. Мисалы, бир күн бир район алса, эртеси башкасы. Азыр ушул маселени чечиш үчүн Суу чарба башкармалыгынын башчысы менен сүйлөшүп, тапшырмаларды бердик. Алар Өзбекстандагы кесиптештери менен сүйлөшүп, бүгүн-эртең көйгөйдү чечет. Анткени эгин талаага болушунча тез сууну жеткирип беришибиз керек. Маселе өзбек тараптын сууну 3 районго бөлүштүрүп  берип жатканында болууда.  Мен бүгүн респуьликалык Суу чарба агенттиги менен байланышам.Барактын маселесин өзбек тарап үч районго тиешеси жок кылып чечип бериши керек», -деди өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов.

Өзбекстан 2013-жылы февраль айында бир тараптуу Ак-Таш-Бирлешкен өткөрүү пунктун жаап салган. Андан улам Барактын тургундары Кызыл-Кыя өткөрү бекетинен өтүүгө аргасыз болушкан. Эки өлкөнүн расмийлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен 2018-жылы 25-декабрда кайрадан ачылган. Барак эсклавынын жалпы аянты 208 гектарды түзөт. Учурда ал жакта 18 үй-бүлө жашайт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо