Оштогу төрөт үйүндө обсервацияда жаткандар качууга аракет кылышты. Видео

Ош шаардык төрөт үйүндө обсервацияда жаткан 50дөй эне эрежеге баш ийбей дүрбөлөңгө түшүүдө. Биздин теле топ жеринен окуяга күбө болуп, айрымдары качып кеткенге да үлгүргөнүн билдирди. 

Шаардык төрөт үйүндө 13-майда вирус аныкталып, имарат карантинге алынган. Кийинчерээк ал жерге обсервация ачылып, сырттан келгендерди кабыл алуу токтогон. Алардын айтымдарында, эки жолу ПЦР анализдери таза чыккан. Бирок дарыгерлер аларга үйлөрүнө кетүүгө уруксат бербей жатышат.

Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманованын айтымында,  ошол эле күнү төрөт үйүнүн 282 кызматкеринен, 253 бейтаптан (145 эне, 108 ымыркай), үйдө байланышта болгон 23 адамдан жана 20- апрелден баштап төрөп, үйлөрүнө чыгып кеткен 162 адамдан ПЦР анализдери алынган.

«Алты саатта анализ чыгып, жыйынтыгында 13 бейтаптан илдет аныкталды. Алар изоляцияга которулду,  ал эми 707 адамдын анализи таза чыкты. 14 күндөн кийин алгоритм боюнча 25- майдан кайра экинчи анализи алына баштады. 26-майда төрөтканада иштеген 7 медкызматкер, 27-майда 34 адамдан ( 15 медкызматкер, 19 бейтап) бул илдет аныкталып, изоляцияга которулду», -дейт Аманова. 

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров төрөт үйүндөгү азыркы абалды мындайча айтып берди.

«Обсервацияга алынган тааныштарыңыз нааразы болсо түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүздөр. Изоляторго оорунун алдын алуу үчүн гана жаткырылат. Аны түшүнбөй ушундай келишпестиктер болуп жатат. Сиздин талаптарга баш ийгениңиз, башка адамдардын ден соолугун ойлогонуңуз»,-деди Абсаттаров.

28-майга карата Кыргызстанда коронавирустун 74 учуру катталса, анын тең жарымы Ош шаарындагы төрөт үйүндө катталды. Алардын 15и дарыгерлер, 14ү жаңы төрөгөн энелер, ал эми бешөө ымыркай, бирөө жөн гана бейтап.

Видеого төрөткананын сыртында жүргөндөр гана түшкөн. Качууга аракет кылгандар имараттын ичинде да бар.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо