Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титиреди. Сейcмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 30-майда, саат 10:25те катталды. Күчү очогунда 5 баллды түздү.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жыланды, Красный-Маяк, Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында, Октябрь, Сузак айыл аймактарында 3 баллга чейин сезилген.

Баштапкы маалыматтар боюнча силкинүүдөн кыйроо жана жапа чеккендер жок.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо