Өзбекстан Кыргызстанга дагы гуманитардык жардам жөнөттү

Бүгүн, 30-майда Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Жүк поезд аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Темир жол бекетине келип түштү.

Гумжардам 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорид , 2500 даанадан респиратор жана медициналык коргоочу кийимдерден турат. Мындан сырткары беткап жана мээлейлер бар. Жардамды Өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты Сактоо министрлиги бардык облустарга бөлүштүрөт.

Жардамды тосуп алууга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Өзбек тарап апрель айында да 1000 т ун , мед каражаттарды жөнөткөн. Андан кийин суу сактагычтар улам болгон кырсыкта Кыргыз тарап 1000т цемент, 100т күрүч, 10т өсүмдүк майын жөнөткөн эле.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо