Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр 8 сааттан бери уланууда. Жабыркагандар бар

Баткендин Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чыр 8 сааттан бери уланууда. Эки тараптан топтолгон элдин бири-бирине таш ыргытуусу токтой элек. 

Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Абдырасуловдун  «Т-медиага» билдиришинче чогулган эл тарабай жатат. Ал эми коңшу өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүгө келе элек.

«Азыр чогулган эл тарай элек. Абал жакшы эмес. Биз тараптан да, алар тараптан да өрттөнүп жаткан үйлөр бар. Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Коңшу өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүгө келе элек», -деди айыл өкмөт башчы.

Кадамжай районунун акиминин орун басары, окуя боюнча эч кандай комментарий бере албасын айтты.

Ал эми 7-каналдын журналисттери саат 19:11де окуя болгон жерден жарыялашкан видеодо эки тараптан тең чогулган эл тарабай, чыр токтой элек экенин көрүүгө болот.  Ушул эле 18:54төгү түз эфиринде журналист 10го жакын адам жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айткан. Мындан тышкары, тасмада бир нече турак үйлөрдүн өрттөнүп жатканы да тартылган.

Эске салсак, бүгүн 31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда, «булак бизге таандык» деп сөз талашып  кеткенден чыккан.

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы окуядан соң, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Сох районунун акими жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Ал эми вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттыкка» чыр сүйлөшүү жолу менен чечилерин билдирген.

Өкмөттүн маалыматы боюнча кыргыз-өзбек чек арасынын 95 пайызы такталган. Ал эми Баткендеги бүгүнкү чек ара жаңжалы, бир айдын ичиндеги эле экинчи чыр болуп калды. Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында такталбаган тилкеден улам чыр чыгып, үч кыргызстандык аскер жараат алып, бир турак жай өрттөнгөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо