4-июнь: коронавирус дагы 7 дарыгерден табылды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды.  Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Илдетти жуктуруп алгандардын экөө Бишкек шаарында, төртөө Ош шаарында жана Нарында бирөө. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 дарыгер айыгып, үйүнө чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 372 учур катталса алардын 270и сакайып кетти.

4-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 28 учуру катталды. Жалпы — 1899. Алардын ичинен 1292 адам сакайып кетти, 20 киши  көз жумду.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо