8-июндан тарта диний мекемелерге барууга уруксат берилет

8-июндан тарта диний мекемелерге —  мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Мындай чечимди республикалык штаб мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алган.

Бул жайларда санитардык чаралар менен беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.

Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин, ошондуктан жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө беткап тагынууга тийиш экенин эскертет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо