Кыргызстанда коронавирус дагы 28 адамдан табылды, 27 бейтап айыгып чыкты

4-июнга карата Кыргызстанда коронавирус дагы 28 адамдан табылды. Жалпы көрсөткүч 1899 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алар Бишкекте – 15, Нарын облусунда – 1, Ош шаарында – 4,  Ош облусунда – 6, Чүй облусунда бирөө жана Ысык-Көлдө бир киши.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча жети дарыгерден илдет аныкталды. Ошентип, коронавирус менен ооруган медиктердин саны 372ге жетти. Ал эми стационарлардан 5 медициналык кызматкер сакайып чыкты. Жалпы — 270.

Сутка ичинде 27 бейтап үйүнө чыгарылды. Бишкекте – 27, Ош облусунда – 1, экөө Баткенде. Жалпы айыккандардын саны — 1292.

Ооруканада 587 адам жатат, 3 бейтап реанимацияда. 20 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо