Өзгөчө абал режиминде Ош шаарындагы муктаж үй-бүлөлөр кандай жардам алышты? Сандар


Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда Ош шаарында 30 миңге жакын  үй-бүлө жардамга муктаж деп табылган. Бул сандын ичине калаа тургундарынан тышкары убактылуу жашоочулар да кошулган. Ошондой эле өкмөт күнүмдүк кара жумуштарда иштеп каражат тапкандарды азык-түлүк менен камсыздоо үчүн 18 миллиондон ашык каражат ажыраткан.

Эл үнү: коронавирус бизди кайгыга салды

Карантин учурунда жардам сурап кайрылгандардын басымдуу бөлүгү жалгыз бой, балалуу аялдар болду. Өзгөчө күнүмдүк акча таап, жан баккандар кыйналды. Ош шаарынын тургуну, жалгыз бой эне Айнусканын үч уулу бар. Алар өкмөттөн 3 миң сомго чейин жөлөк пул алат. Коронавирус каптаган өзгөчө абал учурунда келиндин тигүү цехиндеги иши токтоп, акчасы жок калганын айтат. 

«Жөлөк пулдан башка каражат жок болгондуктан үй башчы жардам берилерин айтып тизме түзүп кетти. Эки жолу 10 кг ун, 2 литр май 4 кг картошка беришти. Ошол боюнча башка жардам алган жокпуз. Калган күндөрү жакындар, кайдыгер эмес адамдар колдоо көрсөтүштү».

Айнускага эки айдын ичинде (апрель, май) 20 килограмм ун, 2 литр өсүмдүк майы жана 10 килограммга жакын картошка келген. Бул биздин каарманыбыз алган жалпы жардам. Жөнөкөй эсеп менен алып эсептегенде, жалгыз бой эне жогорудагы жардам деп берилген азыктарды төрт үй бүлө мүчөсүнө алтымыш күн үчүн жеткириш керек эле. 

Төрт баланын энеси Гүлзат Нурумбетова да жолдошу экөөнүн туруктуу жумушу жок болгондуктан күнүмдүк акча таап жан багышчу. Өзгөчө абал режими учурунда  майыптыгы бар уулунун жөлөк пулу менен күн кечирип калышканын эстеди.

«Үч жолу жардам алдым. Биринчисинде 25 килограммдай ун, 5 кг май, 5 кг кумшекер, макарон, туз, самын кылып Кулатов кичи районунда таратышты. Экинчи жардамды үйгө өздөрү алып келишти. Анда да 10 кг ун, 1 кг макарон, 1 кг күрүч, май, туз беришти. Үчүнчүсүндө да азык-түлүк жардамы менен кошо конверт берип кетишти. Ичин ачсак 700 сомдой акча бар экен», — дейт жаш эне.

Гүлзаттын үй бүлөсүн жардам алуучулардын тизмесине үй башчы келип, шартын көрүп кошуп кеткен. Ал мамлекеттин жардамы эки ай ичи балдарын багууга жетпесе да колдоо болду деп ыраазы. 

Жалпы жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 30 миңге жакындаган

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен шаардык бийлик Ош шаарындагы алты муницапалдык башкармалыктан жана бир айыл аймактан карантин убагында жардамга муктаж деп 27 миң 700 үй-бүлөнүн тизмесин түзгөн. Ага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, багаар-көрөөрү жок улгайган адамдар жана аз камыз болгон калктын аярлуу катмарлары кошулган.

 

Пандемия учурунда 30 миңге жакын муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн Ош мэриясы атайын эсеп да ачкан. Мындан тышкары мамлекеттик резервдер фондунан, Социалдык өнүгүү министрлигинен атайын каражаттар которулуп турган. 

 

Анан калса эл аралык уюмдар, кайдыгер карабаган жеке ишкерлерден жана коңшу өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдар келген. Мэриянын атайын эсебине мамлекеттик жана муниципалдык ишканалары менен кызматкерлери бир күндүк эмгек  акыларын которгон.

Жардамдар кандай бөлүштүрүлдү?

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебинен Ош шаарына деп 4 млн сом бөлүнгөн. Ал 20 миң адамга акчалай бөлүнүп берилген. Ал эми материалдык резервдер фондунун бөлүнгөн 18 миллионн сомго төмөнкү азык-түлүктөр сатып алынган. Графикада матрезерв менен Өзбекстандан келген ун жана Чоң-Алай районунун тургундарынан жөнөтүлгөн картошка да кошулган. 

Өзбекстандан гумжардам катары келген 100 тонна ун болсо он миң адамга бөлүнгөн. Матрезерв Ош шаарында бөлгөн 130 тонна ун 4 миң 222 жаранга берилген. Ошондо жалпы 230 миң тонна ун 14 миң 222 адамга 16 килограмм 172 граммдан тийген.

Баса, Ош шаардык мэриясынын өзүнүн эсебине түшкөн 8,5 млн каражат боюнча биздин бул иликтөөдөн маалымат алсаңыз болот.

Бул Ош шаардык мэриясынын бизге берген маалыматынын негизинде гана эсептелген сандар.

Ал эми биз сүйлөшүп көргөн жардам алгандардын арасында бул сандарга макул эместери да бар. Алардын бири бизге буларды айтып берди:

«4 балам бар. Аларда батирде турушат. Үй-жайым жок. 15 жылдан ашуун убактан бери шаарда турам. Азыр ушул бир комната жер тамда балам экөөбүз жашайбыз. Жашым 60та, пенсия чыккан эмес. Бутум ооруп баспай да калдым. Төрт ай мурун карантинге чейин көчөдө семичка, тамеки сатып 400-500 сомдой соода кылчумун. Азыр ал да жок болду. Батирге ай сайын эки миңден төлөйм. Гуманитардык жардам деле алган жокпуз. Бир жолу бир адамдар келип 10 килограмм ун менен бир литр май таштап кеткен. Андан башка эч кимден деле жардам келген жок. Өзүм да баса албагандыктан эч кимге кайрылган жокмун. Кайрымдуу инсандар жардам берсе жакшы болмок».

Берилген жардамдар боюнча биздин колубузга тийген маалыматтар менен каармандарыбыздын алган жардамдары дээрлик бардык эле учурда дал келген жок. Мисалы, мэрия “800 сомдон акчалай жардам көрсөттүк” деп билдирсе, колуна алгандар конверттин ичинде 700 сом болгонун айтышты.

Орточо эсеп менен алып караганда жамдамга муктаж бир үй-бүлөнүн колуна тийген жардам — 35 килограммдай ун, 5-6 килограмм кумшекер, беш килограмм макарон жана үч литрдей май болгон.

Эми өзүңүз эсептеп көрүңүз. Кеминде үч үй-бүлө мүчөсүн күнүмдүк иштеп баккан бирок карантинде үйдө олтуруп калган бир түтүн эки айда жогорудагы жардамды кантип жеткире алмак? А мамлекет менен эл аралык уюмдардан келген акчалай жардамдардын суммасы башканы көрсөтөт. Анан да Ош шаары үчүн бөлүнгөн 18 миллион сомду 30 миңге жакын үй-бүлөгө бөлсөңүз да башка сандар чыгат.

Жогоруда келтирилген сандар 18-майга чейин көрсөтүлгөн көмөктөр. Кийин дагы 3 миң 108 адам гуманитардык жардам алганын мэриянын каржы, экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси Замир Абжошев айтты.

«Андан кийин муктаждарга мамлекеттик материалдык резервдер фондунан дагы 100 тонна ун келген. Комиссиянын чечими менен 2000 адамга аймактык башкармалык тарабынан бөлүнүп берилди. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдар дагы жардам көрсөтүшкөн (Кызыл жарым ай коому жана түрк кызматташтык жана координация агенттиги). Негизинен алар макарон, май, күрүч жана кумшекер сыяктуу азык-түлүктөрдү таратып беришкен. Ал эми Ош мэриясы тарабынан бир айдын ичинде жардам берилген жок. Азыркы учурда бейөкмөт уюмдар көрсөткөн көмөктөр да толук токтотулду» — дейт мэриясынын каржы, экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси Замир Абжошев.

Биз эсептеп чыккан сандар өкмөттөн же болбосо мамлекеттин казынасынан гана бөлүнгөн каражаттын айланасында болду. Мындан тышкары жеке ишкерлер, бейөкмөт уюмдар, коңшу өлкөлөрдөн да колдоолор болгон. Орточо бир үй -бүлө үч жолу көмөк алган учурлар да бар. Ошол эле учурда жардамдан сыртта калып кеткендер да жолугат. Аз камсыз болгондорду колдоодон сырткары блок-постто тургандарга, күч кызматкерлерине тамак-аш жеткирүү, көчөлөрдү, коомдук жайларды дезинфекциялоо иштери да жасалган. 

Ош шаары өзгөчө абал учурунда муктаждарга кандай колдоо көрсөттү жана кимден кандай жардамдарды ала алды деп ойлойсуз? Муктаж үй-бүлө үч ирет алган жардамы менен эки айга созулган карантин убагында жашай алмакпы деген суроолор да ачык бойдон турат. Материал менен таанышкан соң өзүңүз жыйынтык чыгараарсыз. 

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо