Бүгүн коронавирустун жаңы 279 учуру катталды

30-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Коронавирустун аймактарда катталышы:

Бишкек шаары – 182;
Чүй облусу — 36;
Ош шаарында — 1;
Ош облусу — 1;
Нарын облусу — 10;
Жалал-Абад облусу — 7;
Ысык-Көл облусу — 18;
Талас облусу — 15;
Баткен облусу — 9.

18-марттан бери илдет жуктургандардын жалпы саны 5296 кишини түздү.  Анын ичинен 2370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 50 бейтап каза болду.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо