Баткенде санитардык эрежени сактабаган 129 ишканага айып пул салынды

Баткен облусунда базарларга, дүкөндөргө, калкты тейлеген мекеме-ишканаларга рейд жүргүзүлүп, 1364 обьект текшерилди. Жыйынтыгында санитардык нормаларды сактабаган 129 ишканага айып пул салынды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдиргендей, коронавирусту жайылтпоо жана аткезчиликке бөгөт коюу үчүн көзөмөл күчөтүлүп, Лейлек районунун кире беришине дагы бир санитардык карантиндик блок-пост орнотулду.

Учурда облустун аймагында 2 санитардык карантиндик блок-пост жана чек аралаш аймактарда 5 көзөмөл посттору иштеп жатат. Ал эми коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймакта  көзөмөл өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Мындан сырткары облустун ооруканаларынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө 119 орун даярдалган.

Баткен облусунда бүгүн коронавирустун жаңы 9 учур катталып, жалпы оорулуулардын саны 77ге жетти.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо