Күйүүчү майдын дүң жана чекене баасынын айырмасы. Графика



Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү боюнча маселе Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлгөнү менен жыйынтык боло элек. 

Баалар өзгөрүүсүз бир калыпта болгондуктан эл жеке ишкерлер өз алдынча коюп алган баалар менен алууга аргасыз. Бул тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да каралып эл өкүлдөрү монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин сынга алган.

Учурда күйүүчү майдын дүң жана чекене баасынын ортосундагы баа 14 сом болуп жаткандыктан коомчулукта ар кандай нааразы пикирлер айтылып жатат. Биз бир литр бензинге кеткен чыгымды эсептеп чыктык. Аны менен төмөнкү графикадан тааныша аласыз.

Күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү боюнча мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев май аткезчилигине жана баасына көзөмөл кылууга убада берген болчу. Ал эми ушул тапта Кыргызстанда бензин баасы 33-34 сомдун айланасында сатылып жатат. Өлкөнүн ички рыногуна керектелүүчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо