Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө эмнеден аксап жатат? Президенттин баамы

Коррупцияга бөгөт кое турган органдар өздөрү жемкорлорго кошулуп, бирге схема түзүп, табакташ болууда. Анын кесепетинен Кыргызстан кыйналып жатат. Мындай пикирин бүгүн, 30-майда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөп жатып айтты.

«Коррупция менен күрөшүү менин президенттик ишимдеги ири багыттардын бири. 2018-жылдан бери 900гө жакын кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Аталган иштер боюнча мамлекеттин казынасына кайтарылган каражаттын суммасы 11 млрд сомдон ашты. Салык, бажы органдарында, Транспорт министрлигинде «Кыргыз Темир жолунда», Мамлекеттик каттоо, Экотехинспекцияда, сот аргандарында жана Финполдо орун алган коррупциялык иштер ачыкка чыккан. Жакында эле Темир жолдогу ири жемкорлуктун бети ачылды. Бул кечээ жакында эле чыга калган схема эмес. Көп жылдардан бери келе жатат», -дейт президент.

Жээнбеков ошондой эле мекеме-ишканалардагы коррупциянын ачыкка чыкпай жатканына ошол жерде иштеген кызматкерлердин да тиешеси бардыгын белгиледи.

«Тергөө органдарынын кызматкерлерине айтаарым: бир ишти текшерип баштадыңбы, ошону аягына чыгар. Сен ошол ишин үчүн мамлекеттен айлык алып атасың». 

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан, тийиштүү жазасын алышы керектигин айтып келет. Ал эми саясат талдоочулардын пикиринде, президент коррупция менен күрөшүн шайлоо системасын өзгөртүп далилдей алат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо