Ошто милициянын медициналык кызматынын дарыгери коронавирустан каза болду

Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча медицина кызматынын дарыгери Жамал Тазабекова коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу маалыматты шаардык штабдын башчысы Кыялбек Ташполотов тастыктады. 

«Бүгүн түнү саат 12ден өткөндөн кийин каза болуп калды. Аябай оор абалда жатты эле. Бизге 22-июнде келген. Сегиз күн даарыланды. Бирок жакшы боло албады»,- деди Ташполотов.

Ал былтыр Кыргыз Республикасынын медицина кызматынын мыкты кызматкери деген наамын алган. Маркум аталган ооруканада 38 жылдан бери эмгектенип келген. Ал 71 жашта болчу.

30-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учуру катталды. Жалпы көрсөткүч 5296га жетти. Анын ичинен 2370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса 57 бейтап каза болду.

Учурда республиканын аймактарындагы ооруканаларда 721 адам даарыланып жатат. Алардын 23ү жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинде жаткандардын саны 2148.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо