Ошто ПЦР анализге керектелүүчү реактивдер калбай калды. 2 миңге жакын анализ тоңдурулуп турат

Ошто ПЦР анализге керектелүүчү реактивдер калбагандыктан эки күндөн бери коронавирус боюнча 1753 кишинин анализи тоңдурулуп турат. 

Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык борборунун дарыгери Өмүрзак Мырзалиев жабдыктар качан келээри белгисиз экенин айтат.

«Микро пробирка (жабдык) жок болуп жатканына экинчи суткага жакындады. Мындай жабдыктар  Кыргызстан боюнча жок болуп жатат. Азыр министрлик буюртма берип алып келгенге аракет кылып жатат»,- деди Мырзалиев.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ПЦР анализге керектелүүчү реактивдер чындап эле жетишпей жатканын тастыктады. Анын айтымында учурда министрлик бул маселени чечүүнүн үстүндө иш алып барууда.

Ал арада жарандык активист Акылай Каримова Ош мэриясын коронавируска каршы күрөшүүдө даярдыгы жок деп сынга алды.

«Ушунча убакыт өттү, карантинде да 2 айдан ашык отурдук. Натыйжада даярдыгыбыз ушулбу?  Кантип акылга сыйдырасыңар муну, Ош мэриясы? «Бүгүн Оштон бирөө эле чыгыптыр» деп сүйүнбөгүлө. Өкүнгүлө. Анткени, чынында саны канчага жеткенин тести жок табалбай отурушат, реактив жооок»,- деп жазды Каримова фейсбук баракчасына.

27-июнда коронавирус илдетинин Ош шаарында 94, облуста 39 жаңы учуру катталган. Илдетке чалдыккандардын көптүгү жагынан Ош өлкөдө экинчи орунда экенин саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген. Ошол күндөн кийин Ошто коронавирус боюнча анализдер текшерилбей тондурулуп жатканы белгилүү болду.

Бүгүн 30-июнда брифингде Ош шаары менен облусунда бирден эле учур катталганы айтылды.

Ал эми өлкө боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учуру катталды. Жалпы көрсөткүч 5296га жетти. Анын ичинен 2370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса 57 бейтап каза болду.

Учурда республиканын аймактарындагы ооруканаларда 721 адам даарыланып жатат. Алардын 23ү жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинде жаткандардын саны 2148.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо