Эркин Асрандиев коронавирус жугузуп алды

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевден коронавирус аныкталды. Ал ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

«Асрандиевдин тапшырган ПЦР-анализинен оору табылган. Тийиштүү дарылануудан өтүп жатат, өзүн жакшы сезип калды», -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен байланышта болгон катары обочолонууда.

Буга байланыштуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бүгүн Жогорку Кеңештеги ант берүү аземине катыша албайт.

27-июнда өкмөттүн аппаратында иштеген 26 кызматкердин анализинен коронавирус аныкталган. Алардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана жардамчысы бар. Аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары обочолонгон болчу.

Президенттик аппараттын 17 кызматкери да илдет жуктурду. Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун коронавируска кайрадан тапшырган анализи таза чыкты, ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынына катышат.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо