Ошто коронавирустан дарыланып жаткан аял 3-кабаттан боюн таштап жан берди


Ош шаардык ооруканасында үчүнчү кабаттан секирген 34 жаштагы аял каза болду. Маркум коронавирустан дарыланып жаткан болчу. Бул тууралуу  шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-июлда болгон. Аял алган оор жаратынан окуя болгон жерде жан берген.

«Ал Ош шаарынын тургуну болгон. 25-июнда жаңы төрөгөн. Өзү коронавирус менен дарыланып, баласын апасы карап жаткан«, -деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Эске салсак, май айында шаардык төрөткананын медайымы коронавирус жуктуруп алып, ооруканадагы 800медкызматкер, жаңы төрөгөн аялдар ымыркайлары менен обсервацияга алынган. Андан соң алар нааразычылык билдирип, үйлөрүнө чыгарууну талап кылышкан.

Көп өтпөй аталган обсервациядагы дарыгерлерден жана бейтаптардан Covid-19 аныктала баштаган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо