Жалал-Абад шаарына чектөөлөр киргизилди


Соңку кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Ага ылайык, кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет. Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш. Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок.

Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди. Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

Парктардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди.

Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт.

Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо