Атамбаев дарылануу үчүн Москвага кетеби? Адвокаты үн катты


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы, ал ооруканада дарылануусун улантууда. Экс-ажо атайын дем алдыруучу аппаратка кошулган эмес. Ооруканадан качан чыгаары азырынча белгисиз. Анын коронавируска анализи таза чыккан. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев «Кадам Медиага» билдирди.

Адвокат, «Атамбаев дарылануу үчүн атайын учак менен «Кант» авиабазасынан Москвага кетеби?» деген суроого мындай жооп берген:

«Бул тууралуу менде азырынча эч кандай маалымат жок. Эгер чын эле ушундай болсо менимче расмий түрдө болот. Бирок буга карата даярдык жөнүндө деле кабардар эмесмин, ар кандай болушу мүмкүн. Эгер Алмазбек Атамбаевди башка жакта жана башка дарыгер дарылаш керек болсо которулушу деле толук мүмкүн», — дейт ал. 

Тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге пневмония диганозу коюлуп, ооруканага которулганын 30-июнда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Атамбаевдин жакындары ага тергөө жайында коронавирусту атайылап жуктурушкан деп эсептешет.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жыл 2 айга кесилди.

Азыр ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасында жатат.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо