Баткен: коронавирустун жаңы учурлары кайсы райондордон чыкты?


Акыркы суткада Баткен облусунда жаңы аныкталган 12 бейтаптын жетөө Баткен шаарында, Кызыл-Кыя шаарында төрт жана Кадамжай районунан бир адам. Жалпы көрсөткүч 139. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын маалыматы боюнча, баары өлкө ичиндеги бейтаптар менен байланышта болгондор.

«Жаңы учурлар оорунун белгилери байкалып, өздөрү ооруканага кайрылгандардан чыгып атат. Негизинен Бишкек, Ошко барып келгендер. Сырттан келгендер жок», -дейт ал.  

Жергиликтүү бийлик коронавирус эпидемиясына байланышкан акыркы жагдайды эске алып, айрым чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык жума намаздарды мечиттерде жамаат менен окууга, маараке, нике жана башка тойлорду өткөрүүгө, куран окутууга убактылуу тыюу салынды. Санитардык эрежелерди сактабаган жалпы тамактануучу жайлар, ашканалар, ресторандар, дүкөндөр жабыла турган болду.

Чечимде айдоочулар санитардык эрежелерге баш ийбеген шартта жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорт бир тараптуу токтотулары, коомдук жайлардын жана транспорттун белгиленген иштөө мөөнөтүнөн ашык иштешине тыюу салынары белгиленди.

3-июлда Баткен облусунда коронавирустан мугалим Сайдибакказ Муратов каза болду. Бул аймактагы алгачкы жоготуу болду.

Соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 327 адам жаңы катталды. Анын 71 медицина кызматкерлери. Баары өлкө ичинде байланышта болгондор. Ошентип, өлкө боюнча жалпы көрсөткүч 7094кө жетти. Сутка ичинде 59 адам айыкты. Жалпы — 2714. Жалпы каза болгондордун саны 78 кишини түздү.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо