Бишкекте алгачкы жардам көрсөтүү үчүн 4 борбор ачылат. Даректери


Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Алар саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.

Алар төмөнкү даректерде жайгашкан.

1. Ленин району – «Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
2. Биринчи май району – Спорт сарайы;
3. Свердлов району – Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;
4. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча).

Бүгүнкү күндүн соңуна чейин бардык даярдоо иштерин аяктоо тапшырмасы берилген.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо