Боронов: Орусиядагы кыргыз дарыгерлер жардамга даяр. Жакынкы күнү учак менен алып келебиз


Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр турушат. Жакынкы күндөрү алар Кыргызстанга учак менен жеткирилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

«Азыркы тапта Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 70ге жакын дарыгер жана медайымдар келишти. Тобокелдикке карабастан, ак халатчандарыбыз ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат. Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды. Жарандар бул вирусту жеңүүгө күч берчүдөй туура тамактануулары керек», -дейт Боронов. 

Өкмөт башчы ошондой эле Бишкек шаарында байкалган жагдайга ар бир аймак даяр болушу керектигин белгиледи.

«Ар бир облустун жетекчилерине кайрылам. Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек. Ошол эле учурда персонал жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр медицина кызматкерлеринин тизмесин даярдоо керек. Кошумча тартылган медицина кызматкерлери аткарган ишине жараша тиешелүү айлык акысын алышат», — деди ал. 

Соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 327 адам жаңы катталды. Анын 71 медицина кызматкерлери. Баары өлкө ичинде байланышта болгондор. Ошентип, өлкө боюнча жалпы көрсөткүч 7094кө жетти. Сутка ичинде 59 адам айыкты. Жалпы — 2714. Жалпы каза болгондордун саны 78 кишини түздү.

Кыргызстанда коронавирус тастыкталбаган пневмония да күч алды. Ооруканада 2 миңден ашык адам жатат, алардын 500үнүн абалы оор. Бир эле суткада 31 бейтап каза болду.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо