Ошто кыз узатуу тою өтүп жаткан «Баястан» рестораны 15 күнгө жабылды


Бүгүн, 4-июлда Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы «Баястан» тойканасында көп кишинин катышуусундагы кыз узатуу тою өтүп жаткан жеринен токтотулду. Санитардык эпидемиологиялык кызматтын өкүлү ресторандын администрациясына 13 миң сом айып салып, 15 күнгө тойкананы жапты.

Мындай чаранын кабыл алынышына ресторандын администрациясы коронавируска байланыштуу карантин эрежесин сактабаганы себеп болгон. Тойкана буга чейин да эскертүү берилгенине карабай, бүгүнкү иш-чараны өткөргөн.

Биздин кабарчы жерине барып, ресторанда той өтүп жатканына күбө болгон. Коноктордун арасынан Ош шаардык кеңешинин айрым депутаттарын да учурткан.

Кийинчерээк Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев той ээси Алай районунун Т.М аттуу жараны экенин, ал 60 адамды чакырганын билдирди.

“Ресторандан баарын чыгарышты. Мындан бир жума мурда дагы 50гө жетпеген адамды топтогону үчүн 3000 айып салынып, эскертүү берилген экен. Дагы бир жумадан кийин, тагыраагы бүгүн 60 адамды чакырып, санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн жабылды”,-деди Аширбаев.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Коомдук жайларда 50 кишиден ашык чогулууга уруксат жок. Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү той-мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскерткен болчу.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо