Акыркы суткада коронавирустан 7, пневмониядан 26 бейтап каза болду


Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди. 

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 85 жаштагы эркек, Ош облустар аралык ооруканасында 79 жаштагы бейтап жана 62 жаштагы медкызматкер, Ысык-Көл облустук ооруканасында 61 жаштагы эркек, врач педиатр, Жалал-Абад облустук ооруканасынан 58 жаштагы эркек, Талас облустук ооруканасынан 61 жаштагы эркек жана Жайыл аймактык ооруканасынан 57 жаштагы эркек киши каза болгон.

Ушуну менен республика боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 99 кишини түздү. Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 10 адам аймактагы ооруканаларда, 19у Бишкекте. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 224 адамды түзүүдө.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо