«Бирик» партиясы коронавирустан пайдаланып мыйзам бузууга бардыбы? Фактчек


6-июлда социалдык тармактарда жана ЖМКларда коронавирус пандемиясы менен күрөшүү боюнча «Бирик»  бирдиктүү маалымат системасы иштелип чыкканы тууралуу жаңылык тарады.  

Аталган системада сегиз тармак боюнча маалымат тиркелген. Айрым соцтармак колдонуучулары муну колдоого алып, күзүндө өтүүчү парламенттик жана жергиликтүү шайлоого камынган «Бирик» саясий партиясынын негиздөөчүсү Кылыч Исамамбетовго ийгилик каалап жатышат. 

Жаңы түзүлгөн системанын «Бирик» партиясы менен кандай байланышы бар? Эгер бар болсо, бул шайлоо жакындагандагы үгүт иштерине кирип калбайбы? Мындай кадамдар мыйзамга туура келеби деген суроолордун айланасында «Т-Медиа» текшерүү жүргүзүп көрдү.

Алгач биз «Бирик» маалымат системасынын «Фейсбуктагы» баракчасына кирип көрдүк. Ал жакта маалыматтар 6-июлда гана коюлган. Мындан тышкары, Кылыч Исамамбетовдун цитатасы менен жайгаштырылып, ал координатор катары белгиленген.

Колдонуучулардын комментарийлеринен соң Кылыч Исамамбетовдун «Фейсбук» баракчасын карап көрдүк.

Натыйжада «Бирик» партиясы менен «Бирик» улуттук бирдиктүү маалымат системасынын байланышы бар жана партия негиздөөчүсү менен система координатору бир адам деген жыйынтыкка келдик.

Бул маалыматты Юстиция министрлиги да тастыктайт. Ага ылайык, партиянын негиздөөчүсү — Кылыч Исамамбетов. 

Демек, бул жерде  КРнын президентин жана ЖК депутаттарынын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдарынын 22, 23, 28- беренелери бузулган.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, бул көмүскө жарнама болуп эсептелет.

«Парламенттик шайлоо дайындалган күндөн тарта кайсы бир партия же алардын өкүлдөрү, туугандары мыйзамда белгиленген мөөнөттө гана агитация жүргүзүшү керек. Күздөгү шайлоо боюнча үгүт иштери  4-сентябрдан 3-октябрга чейин болуп өтүшү керек. Кээ бир активисттер, ишкерлер, шайлоого катышам деп расмий жарыялагандан соң да азыркы оор кырдаалда коомдук ишке аралашуу менен өзүнүн пиарын улантууда. Ал эми бүгүн ЖМКлар “Бирик”  коомунун кылып аткан иштерин, жарнамаларын чыгарышты. Мен жарнама катары чыгарды деп эсептейм, анткени коомдук уюмбу же системаны ким уюштурганы тууралуу маалымат жок. Бирок “Бирик” саясий  партиясынын эн белгисинин дал өзү турат. Түптөөчүсү түзгөнү боюнча да жазылып турат. БШК бул боюнча чара көрүшүн кесиптештериме сунуштайм. ЖМКлар шайлоонун үгүт иштерин убактысы келгенде гана жарыялашы керек. Партиялардын иштерин көмүскө реклама кылган болбойт. Качан гана үгүт жараяны башталганда кайсы бир саясий партиянын маалыматтарын, сөзсүз түрдө партиянын шайлоо фонду тарабынан каржыланып, ал тастыкталып анан чыгаруу  керек. Расмий келишим түзүлүшү керек. Үгүттөө маалыматарын үгүт жараяны баштала электе чыгаруу мыйзам бузуу болот» —, дейт БШК өкүлү Атыр Абдрахматова

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери бузулгандыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.  

Ал эми укук коргоо жана башка органдар үгүт иштерине бөгөт коюу, жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын даярдоону токтотууга укуктуу. Аларды алып салууга, көрсөтүлгөн материалдарды даярдоочуларды жана акы төлөө булактарын аныктоо боюнча чараларды көрсө болот. Ошондой эле фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө шайлоо жана референдум комиссиясына билдирүүгө милдеттүү.

Жыйынтык: «Бирик» партиясы менен коронавируска каршы күрөшүү “Бирик” улуттук бирдиктүү системасынын байланышы бар. Жана бул шайлоо алдында түзүлгөндүктөн, үгүт иши деп эсептелип, мыйзам бузууга жатат.

Эске салсак, аталган саясий партия 12-апрелге белгиленген Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан. Үгүт иштери эми эле башталганда өлкөдө коронавирус катталып, шайлоо өнөктүгү токтотулган болчу. Мындан сырткары, «Бирик» бүгүн БШКга күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, кайрылуу жолдогон.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо