Өкмөт: медицина кызматкерлерине кошумча акы 25-30%га көтөрүлдү


Саламаттык сактоо мекемелериндеги медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдүн өлчөмү 25-30%га көтөрүлдү. Кошумча айлык акы 1-июлдан тартып эсептеле баштайт.

Премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вирусологиялык лабораторияда, обсервацияларда жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге 1 күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатканын брифингде билдирди.

Мындан тышкары буга чейин 1 ай ичинде 14 күн изоляцияда болуп келсе, ал  7 күнгө кыскарат. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартипте күнүнө 900 сомдон төлөнөт.

Ошондой эле дарыгер орточо 29 күнгө жалпысынан кошумча 47 000 сом төлөм алса, эми  бул сумма 72 000 сом болот. Ушул сыяктуу эле жогорулатуу санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо, тез жардам кызматында иштеген врачтарга, орто медициналык кызматкерлерге жана техникалык, кенже тейлөөчү персоналдардын да кошумча төлөмдөрү жогорулайт.

«Мен айтып жаткан төлөмдөр бул 1-июлдан тартып эсептеле баштайт. Өкмөт 30-июнга чейинки төлөмдөрдү саламаттыкты сактоо министрлигине которуп берип, аймактарга которулуп толук берилди. Кээ бир региондордо медициналык кызматкерлердин колуна тийди. Биздин талап боюнча июнь айына чейинки бардык толөмдөр 10-июлга чейин төлөнүп бүтүшү керек. Бул төлөмдөр март-апрелдин аягында иштеп баштаган»,- деди Боронов.

8-апрелден тарта коронавирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине март айындагы айлыгына кошумча акы төлөнө баштаган. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар шартында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн  айтылган.

7-июлга карата өлкөдө жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо