Өкмөт медициналык билими барларды жумушка чакырууда


Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди контракттык негизде жумушка тартуу иши башталды.  Айлык акы 70 000 сомго чейин төлөнөт. Бул боюнча өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүнкү брифинг учурунда айтып, медициналдык билими бар жарандарды жумушка чакырды. 

Ал белгилегендей учурда Бишкекте эпидемиологиялык абал оор. Бейтаптар үчүн даярдалган орундар медицина кызматкерлеринин тартыштыгынан ачылбай турат.

«Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча кабатыр болбоңуздар. Сиздер айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыз болосуздар. Бул бардык медицина кызматкерлерине тийиштүү. Аларга айлык акы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнүп берилери каралган»

Ал медицина кызматкерлеринин айлык акысы өз убагында жана кечиктирбестен төлөнөрүн белгиледи.

«Учурдан пайдаланып, азыркы тапта иштебей отурган дарыгерлерди, медайымдарды жана бардык медицина кызматкерлерине кайрылам. Азыр бизге пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционист дарыгерлер өтө керек. Өз ыктыяры менен каалоочулар болсо Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар бөлүмүнө бүгүнкү күндөн тартып кайрылууга болот», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле өкмөт башчы, саламаттык сактоо министрлигине кыска убакытта адистерди даярдоо боюнча тапшырма берилгенин жана Россиядан дагы 50 кыргыз дарыгери келе тургандыгын кошумчалады.

СOVID-19 дагы 450 адамдан табылды. 73 бейтап айыгып чыкты


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо