Коронавирустан эки дарыгер көз жумду


Коронавирустан акыркы суткада эки дарыгер каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алардын бирөөсү — Ош облустук жана шаардык СЭС тин башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев. Экинчси — врач-педиатр, Ысык-Көл облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы.

Тилекке каршы коронавирус илдетинен каза болгон дарыгерлердин саны 6 га жетти.

Ал эми акыркы суткада илдетти дагы 78 медициналык кызматкер жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо