Мамлекеттик ишмер Кушбак Тезекбаев каза болду


Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кушбак Тезекбаев пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы тастыктады.

Кушбак Тезекбаев 1952-жылы​ Ош​ облусунун​ Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылында туулган, Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн, кесиби мугалим.

Ал алгачкы эмгек жолун мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1990-жылдары Кара-Суу райондук мал базарынын директору, 1995-2005-жылдары Кара-Суу районундагы​ «Нурбагыт»​ фермердик чарбасынын жетекчиси болуп иштеген.​

2005-2007-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

2010-жылдын 7-апрелинен​ 2012-жылдын сентябрь айына чейин Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенген. Ош облусунун аймагында коомдук-саясий стабилдүүлүктү сактоого, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоого коомдук ишмер катары да такай салым кошуп келген. ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

2006-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине ээ болгон, ал эми​ 2005-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо