СOVID-19 дагы 450 адамдан табылды. 73 бейтап айыгып чыкты


Бүгүн 7-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 450 учуру катталды. Ал эми 73 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны: 

Бишкек шаары – 229;
Чүй облусу — 84;
Ош шаары — 32;
Ош облусу — 23;
Жалал-Абад облусу — 47;
Баткен облусу — 10;
Ысык-Көл облусу — 13;
Нарын облусу — 11;
Талас облусу — 1.

Республика боюнча жалпы илдетти жуктургандардын саны 8141. Анын ичинен бүгүн 73 бейтап айыгып чыкса, жалпы илдетти жеңип чыккандардын саны 2916. Тилекке каршы каза болгондор 99 кишини түзүүдө. Стационарда – 602, алардын ичинен реанимацияда – 21 адам дарыланууда. Үй карантининде дарыланып жаткандар – 4 524.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо